Түркиянын дзюдодогу ийгилиги

Түркия 17 жылдык мөөнөттөн кийин Дзюдо боюнча чоңдордун арасындагы чемпионатта орун алуунун кубанычына бөлөндү.

1055724
Түркиянын дзюдодогу ийгилиги

Түркия Дзюдодо тарыхый ийгиликке жетишти.

Түркия 17 жылдык мөөнөттөн кийин Дзюдо боюнча чоңдордун арасындагы чемпионатта орун алуунун кубанычына бөлөндү.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөн чемпионатта 81 кг салмакта татамиге чыккан Ведат Албайрак польшалык атаандашын ипон менен жеңип алып коло медалга ээ болду.

Бул медаль ошол эле убакта тарыхый ийгиликти да ала келди.

Түркия 17 жылдан кийин Дзюдо боюнча чоңдордун арасындагы чемпионатта медалга жетишти.

Түркия, Дзюдо боюнча чоңдордун арасындагы чемпионатта акыркы ийгилигине 2001-жылы Селим Татароглунун күмүш медалы менен жетишкен.


Этикеткалар: #Түркия , #Дзюдо

Тектеш кабарлар