Бешикташ - Партизан беттешин румын калыс башкарат
Хатеганын жардамчылыгын Октавиан Шовре менен Себастьян Георге аткарат.
1039317
![Бешикташ - Партизан беттешин румын калыс башкарат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4157/9b9a/cad8/5b854bf309d6b.jpg?time=1719278546)
Бешикташтын УЕФА Европа лигасында Сербиянын Партизан командасы менен ойной турган плей - офф турунун реванш оюнун румын калыс Овидиу Хатеган башкарат.
Vodafone Park'ta 30 - август бейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 21: 00дө баштала турган беттешти башкара турган Хатеганын жардамчылыгын Октавиан Шовре менен Себастьян Георге аткарат. Беттештин төртүнчү калысы болсо Себастьян Колтеску болот.