Бешикташ плей - офф турунда
Бешикташ менен «Партизандын» ортосундагы Европа лигасынын плей - офф турунун беттешүүлөрү 23 – 30 - августта ойнолот.
Бешикташ УЕФА Европа лигасынын 3 - алдыңкы тандоо турунда 1 – 0 жеңишке жетишкен биринчи оюндун реваншында Австриянын LASK Linz командасына атаандаштын талаасында 2 – 1ге жеңилгендигине карабастан плей - офф туруна жогорулады.
LASK Linzдин голдорун 42 - минутада Виктор жана 69 - минутада Доминик Фриесер киргизип, Бешикташтын голун Негредо киргизди.
Бир тараптан Европа лигасынын 3 - алдыңкы тандоо турунун биринчи оюнунда 2 – 1 упайга жеңген Дания командасы Nordsjaellandы реваншта да 3- 2 упайга жеңген Сербиянын «Партизан» командасы Бешикташтын плей - офф турундагы атаандашы болду.
Бешикташ менен «Партизандын» ортосундагы Европа лигасынын плей - офф турунун беттешүүлөрү 23 – 30 - августта ойнолот. Турдан өткөн тарап Европа лигасы группаларында беттешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.