Түркиялык жаачы Европа рекордун багындырды

70 метр аралыктан жаа атуулардын жыйынтыгында 686 балл топтогон Мете, ошол эле учурда Европа рекордуна да жетишти.

1024292
Түркиялык жаачы Европа рекордун багындырды

Улуттук жаачы Мете Газоз, Европа Гран присинин Жаа атуулар боюнча тизмелөөсүндө Европа рекордуна жетишти.

Түркиянын Жаачылар федерациясынын жарыясына караганда Болгариянын борбор шаары Софияда өткөрүлгөн медештерде эркектер арасында классикалык жаа атуу категориясында өнөрүн көрсөткөн Мете Газоз, тизмелөө үчүн жаа атууларында биринчиликке жайгашты.

70 метр аралыктан жаа атуулардын жыйынтыгында 686 балл топтогон Мете, ошол эле учурда Европа рекордун да багындырды.

Акыркы мезгилдеги ийгилиги менен көңүл бурган 19 жаштагы улуттук спортчу, Германиянын борбор шаары Берлинде өткөн Жаа атуу боюнча Дүйнөлүк кубоктун 4-бөлүмүнүн мелдештеринде алтын медалды багындырган.



Тектеш кабарлар