Түркиялык штангисттер рекорд коюшту

Италияда штанга боюнча Европа чемпионаты өттү.

1022064
Түркиялык штангисттер рекорд коюшту

15 жана 17 жашка чейинки спортчулардын арасында штанга боюнча Европа чемпионатында улуттук спортчулар 51 медаль менен рекорд коюшту.

Италиянын Милан шаарында өткөрүлгөн чемпионатта улуттук штангисттер 11 алтын, 22 күмүш жана 18 коло болуп жалпы 51 медаль менен түрк штанга тарыхынын эң көп медалга ээ болгон тобу болду.

Чемпионатка 22 өлкөдөн 331 спортчу катышты.

Улуттук команда 16сы эркек, 16сы кыздардан турган жалпы 32 спортчу менен катышты.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан куралган командасы биринчи, Грузия экинчи, Италия үчүнчү, Азербайжан болсо төртүнчү болду.

Ал эми 17 жашка чейинки эркектерден куралган түрк командасы үчүнчү, Румыния биринчи, Азербайжан экинчи болду. Армения болсо төртүнчүлүктү алды.

15 жашка чейики кыздардан куралган түрк командасы болсо биринчи, Италия экинчи, Азербайжан үчүнчү болду.

Түркиянын 15 жашка чейинки эркектер командасы экинчи, Азербайжан биринчи, Болгария үчүнчүлүктү алды. Польша болсо төртүнчү болду.



Тектеш кабарлар