Жаш штангисттердин ийгилиги

Европа чемпионатынын үчүнчү күнүндө түркиялык спортчулар жалпы 26 медалга ээ болушту.

1019145
Жаш штангисттердин ийгилиги

Италиянын Милан шаарында уланган 15 жана 17 жашка чейинки спортчулардын арасында штанга боюнча Европа чемпионатынын үчүнчү күнүндө улуттук спортчулар 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.

Ушундайча түркиялык спортчулар жалпы 26 медаль алышты.

Түркиянын штанга федерациясынын билдирүүсүнө караганда, 2 алтын медалды 17 жашка чейинки эркек спортчулардын арасында 69 килограмм салмакта мелдешкен Мухаммед Фуркан Өзбек алып келди.

Мухаммед Фуркан Өзбек жулкуп көтөрүүдө 136 килограммды көтөрүп күмүш медалга ээ болду.

Улуттук спортчу силкип көтөрүүдө 163, жалпы эсепте болсо 299 килограммга жетип 2 алтын медалды Түркияга алып келди.

Ал эми 17 жашка чейинки кыздардын арасында 44 килограммда Нида Карасакал, жулкуп көтөрүүдө 62 килограмм салмак менен күмүш медалды алса, силкип көтөрүүдө 77, жалпы эсепте болсо 139 килограмм менен 2 коло медалга ээ болду.

15 жашка чейинки кыздар арасында 36 килограмм салмакты көтөргөн Зейнеп Усул, жулкуп көтөрүү жана жалпы эсепте орунга илинбей калса, силкип көтөрүдө 78 килограмм салмак менен Европа үчүнчүсү болду.

Европа чемпионатынын үчүнчү күнү аяктап Түркия жалпы 4 алтын, 11 күмүш жана 11 коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар