Месут Өзил Германиянын улуттук курама командасынан чыкты

Месут Өзил, 2009-жылдан бери 92 жолу ойногон футбол оюнунда 23 гол киргизген Германиянын улуттук курама футбол командасындагы карьерасына чекит койгонун белгиледи.

1017898
Месут Өзил Германиянын улуттук курама командасынан чыкты

Түрк тектүү Германиянын футболчусу Месут Өзил, Германиянын улуттук курама командасынан чыкканын жарыялады.

Месут Өзил, социалдык медиа тармагынан бул маалыматты жарыялап 2009-жылдан бери 92 жолу ойногон футбол оюнунда 23 гол киргизген Германиянын улуттук курама футбол командасындагы карьерасына чекит койгонун белгиледи.

Германиянын улуттук курама командасында 2014-жылы ФИФАнын Дүйнөлүк кубогун, 2010-жылы дүйнө үчүнчүлүгүнө салымын кошкон Месут, чечимин бул сөздөр менен түшүндүрдү: «Жикчилдик жана опузалоого дуушар болгонумду сезип туруп, эми Германияны эл аралык деңгээлде өкүлдүк кыла албайм. Германиянын формасын сыймыктануу жана толкундануу менен кийчүмүн, бирок эми андай сезимде эмесмин. Бул чечимди чыгарыш оңойго турган жок, анткени ар дайым командадагы жолдошторум, машыктыруучуларым жана немси калкы үчүн бардык нерсеми жумшадым. Бирок Германия Футбол федерациясынын жогорку рангадагы башкаруучуларынын түрк тектүү болгонуман урмат-сый көрсөтпөөлөрү жана мени саясий пропагандасы үчүн пайдалануулары, иштеримди чыдагыс абалга келтирди. Ошон үчүн футбол ойнобой элемин. Аркама жазданып алып тура бербеймин. Жикчилдик эч качан кабыл алынгыс».

29 жаштагы футболчу, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолукканы үчүн аны жана берки түрк тектүү оюнчу Илкай Гүндоганды (24-июнь) шайлоо өнөктөктүгүнө инструмент болгону менен күнөөлөгөн Германиянын Футбол федерациясынын төрагасы Рейнхард Гринделди адилетсиз мамиле кылганы менен сындады: «Гриндел сыяктуулар үчүн жеңишке жетишсек немис, жеилип калсак мигрантмын. Германияда салык төлөөмө, мектептерге кайрымдуулук кылуума, улуттук курама команда менен Дүйнөлүк кубокту жеңип алганыма карабастан дагы эле коомчулук тарабынан кабыл алынбай, башкача мамиле көрүп жатам. Немис болуш үчүн керектүү жана менде болбогон критерийлер барбы? Командадагы жолдошторум Лукас Подолский жана Мирослав Клосенин немис-лех деп мүнөздөлгөнүн уккан жокмун. Андай болсо эмне үчүн немис-түрк деп мүнөздөлүп жатам. Түрк болгонум үчүнбү? Мусулман болгонум үч.нбү?»,-деп жазды.

Жарыясында немис медиасынын мамилесине да токтолгон Месут Өзил: «Ойногон футболумдун сындалышын кабыл ала аламын, бирок немис медиасынын кош атуулдугуман улам мени күнөөлөөсүн жана жаман өткөн Дүйнөлүк кубоктун чыгымын бир фотосүрөттүн себебинен мага жүктөөсүн кабыл ала албаймын»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар