Дүйнө чемпионатында биринчи финалист Франция...

Кечээ Франция менен Бельгия беттешти.

1010131
Дүйнө чемпионатында биринчи финалист Франция...
2018-07-10T191724Z_535029132_RC12F24D6140_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-FRA-BEL.JPG
2018-07-10T191436Z_1969069463_RC1BDF123EE0_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-FRA-BEL.JPG

Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалында Франция Бельгияны Самуэль Умтитинин голу менен 1-0 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды.

Ал эми Бельгия чоң турнирде үчүнчүлүк үчүн беттешет.

«Санк-Петербург» стадионунда ойнолгон оюндун биринчи жарымы голсуз аяктады.

Франция 51-мүнөттө Самуэль Умтитинин киргизген голу менен Бельгияны 1-0 эсебинде жеңип алдыга оозуп чыкты.

Калган мөөнөттө башка гол киргизилген жок жана Франция финалга жолдомо алган команда болду.

Үчүнчү жолу Дүйнөлүк кубоктун финалына чыккан Франциянын атаандашы Хорватия менен Англиянын беттешүүсүндө белгилүү болот. Бельгия болсо үчүнчүлүк үчүн ойнойт.

Франция бүгүн өткөрүлө турган Хорватия-Англия беттешүүсүнүн жеңүүчүсү менен финалда Дүйнөлүк кубок үчүн таймашат.

 



Тектеш кабарлар