Бразилия кийинки турга жогорулады
Бразилия Сербияны 2-0 эсебинде утту.
1001524
Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын «Е» тайпасында Сербия Бразилияга 2-0 эсебинде утулду.
Бразилиянын голдорун 36-мүнөттө Паулинхо жана 68-мүнөттө Тиаго Силва киргизди.
Сербия бул жыйынтык менен турнирден чыгып калды, Бразилия болсо 7 балл топтоп тайпанын алдыңкысы болуп акыркы 16 команданын арасына кирди. Анда Бразилия менен Мексика беттешет.