Жер ортолук деңиз оюндары башталууда
Түркияны 345 спортчу өкүлдүк кылат.
Испанияда өтө турган Жер ортолук деңиз оюндары-2018 22-июнь жума күнү башталат.
Түркия 345 спортчу менен медаль үчүн таймашат.
Таррагона шаарында 33 дисциплинада боло турган оюндарга 26 өлкөдөн орто эсеп менен 4 миң спортчу катышат.
Түркиянын курамасы Италия (419 спортчу) жана Испаниядан (396 спортчу) кийин эң көп спортчу менен оюндарга катышкан үчүнчү өлкө болот.
16 спорттук жайда өтө турган 18-Жер ортолук деңиз оюндары 1-июлда аяктайт.
Оюндардын биринчи күнүндө жаа атуу, футбол жана волейбол боюнча мелдештер болот.
Өткөн жылы өткөрүлүшү керек болгон Жер ортолук деңиз оюндары Таррагона комитетинин талабы боюнча 1 жылга жылдырылган болчу.
Түркия оюндар тарыхындагы медалдар тизмесинде 310 алтын, 214 күмүш жана 239 коло менен Италия жана Франциядан кийин үчүнчү турат.