Орусия экинчи жеңишине жетишти
Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «А» тайпасында Орусия менен Египетти 3-1 эсебинде утту.
Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «А» тайпасында Орусия менен Египет беттешти.
Орусия тайпасындагы биринчи беттешүсүндө Сауд Арабия менен ойноп 5-0 эсебинде утуп алган.
Египет болсо тайпасындагы биринчи оюнунда Уругвай менен беттешип, акыркы мүнөттө Уругвайга 1-0 эсебинде утулган.
Египеттин жылдыз оюнчусу Мухаммед Салах биринчи оюнда ден-соолугуна байланыштуу форма кие алган эмес, бул оюнда болсо алгачкы 11 кишинин арасында форма кийди.
47-мүнөттө Египеттик оюнчу Ахмед Фатхи терс тарапка тээп алып өз дарбазына гол киргизди.
Орусия 59-мүнөттө Денис Черишев жана 62-мүнөттө Артем Дзюбанын киргизген голдору менен эсепти 3-0ге жеткирди.
72-мүнөттө оюндун калысы эркин тебүү чечимин чыгарды, бирок видео системасы менен чечим өзгөртүлүп пенальти тебүү чечими чыкты. Ошону менен Салах пенальтиден гол кигизип оюн 3-1 эсебинде жыйынтыкталды.