Бельгия Дүйнөлүк кубокко жеңиш менен баштады
Европанын өкүлү Дүйнөлүк кубокко алгач ирет катышкан Панаманы экинчи жарымда киргизген голдору менен 3-0 эсебинде утту.
Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «G» тайпасында Бельгия менен Панама беттешти.
Европанын өкүлү Дүйнөлүк кубокко алгач ирет катышкан атаандашын экинчи жарымда киргизген голдору менен 3-0 эсебинде утту.
47-мүнөттө Мертенс коргоочудан кайткан топту жерге түшө электе тепти жана Пенедонун үстүнөн учкан топ дарбазага кирип 1-0 болду.
69-мүнөттө Эден Хазарддын пасын сол кесилиште тосуп алган Де Бруйне жаза аянтына кирип барып өйдө тепкенде Лукаку дарбаза чийининен баш менен сүзүп киргизди. Ошону менен 2-0 болду.
75-мүнөттө Эден Хазарддын пасын алган Лукаку дарбазачы Пенедонун үстүнөн ашырып дарбазага киргизди. Оюн ушуну менен 3-0 болду.
Беттешүү Бельгиянын 3-0 эсебиндеги жеңиши менен жыйынтыкталды.
Бельгия тайпасындагы берки оюннун 23-июнда Тунис менен ойнойт.
24-июн жекшемби күнү да Панама Англия менен беттешет.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.