Хорватия Нигерияны 2-0 эсебинде утту

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «D» тайпасында Хорватия Нигерияны 2-0 эсебинде утту.

994412
Хорватия Нигерияны 2-0 эсебинде утту
2018-06-16T213346Z_251455578_RC13F322D590_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-NGA.JPG
2018-06-16T213344Z_468041121_RC113F5AA310_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-NGA.JPG
2018-06-16T211315Z_700444803_RC1DEF904700_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-NGA.JPG

Орусияда уланып жаткан Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «D» тайпасында Хорватия Нигерияны 2-0 эсебинде утту.

14-мүнөттөгү комбинацияда Манджукич жаза чийининде турган Перисичке жерден пас берди. Перисичтин токтотпой туруп катуу тепкен тобу дарбазанын жанынан өтүп кетти.

32-мүнөттө Хорватия алдыга озуп чыкты. Оң канаттагы бурчтан тебилген топту Манджукич секирип барып баш менен сүзгөндө арка тарапта кайтарып турган Этебога тийип дарбазага кирип кетти.

39-мүнөттө сол тараптан Ракитич тепкен топту жаза аянтынын ичинде Крамарич сүзгөндө топ кирбей аутка чыкты.

71-мүнөттө Хорватия айырманы экиге чыгарды. Калыс Рикки Сандро, Эконг менен Манджукичтин таймашынын акырында Хорватиянын пенальти тебиши керектигине чечим чыгарды. Пенальтиден тепкен Модрич, дарбазачы Узохону башка бурчка жыгып топту башка бурчка киргизди.

Оюн Ховатиянын 2-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.



Тектеш кабарлар