Бразилия начар ойноп койдубу?
Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «Е» тайпасындагы оюнда Бразилия менен Швейцария 1-1 эсеби менен теңме-тең чыкты.
994303
Орусияда уланып жаткан Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «Е» тайпасындагы оюнда Бразилия менен Швейцария 1-1 эсеби менен теңме-тең чыкты.
20-мүнөттө Коутиньо жаза аянтынын сол жагынан тепкенде топ дарбазанын оң жагына тийип гол кирди жана Бразилия 1-0 эсебинде алдыга өттү.
50-мүнөттө Швейцариянын бурчтан тепкен тобуна туура убакта секирген Зубер, баш менен киргизип эсепти 1-1 кылды.
Бразилиянын акыркы мүнөттөрдөгү чабуулдарына карабастан оюн 1-1 болуп теңме-тең жыйынтыкталды.