Орусия-Сауд Арабия беттешүүсүн башкара турган калыс белгилүү болду
Дүйнөлүк кубоктун ачылыш мелдеши Москвадагы Лужники стадионунда өтөт.
991655
Орусия менен Сауд Арабиянын ортосундагы беттешүүнү аргентиналык калыс Нестор Питана башкарат.
Москвадагы Лужники стадионунда өтө турган мелдеш саат 18.00де башталат жана ТРТ-1 каналынан түз алып көрсөтүлөт.
Бул беттешүү ошол эле учурда Видеолуу жардамчы калыс системасы колдонулган алгачкы дүйнөлүк кубок мелдеши катары тарыхта калат.