Кышкы Олимпиада оюндары эртең башталат

Оюндар 25-февралга чейин уланат.

906291
Кышкы Олимпиада оюндары эртең башталат

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 23-Кышкы Олимпиада оюндары, эртеңки ачылыш аземи менен башталат.

35 миң кишилик Пхёнчхан Олимпиада стадионунда өткөрүлө турган жана үч саатка созула турган азем менен баштала турган оюндар, 25-февраль жекшемби күнүнө чейин уланат.

1988-жылы Жайкы Олимпиада оюндарына жетекчилик кылган Түштүк Корея, буга чейин ийгиликсиз болгон эки талапкерлигинен кийин Франциянын Аннеси жана Германиянын Мюнхен шаарларын артта калтырып, тарыхында биринчи жолу кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө жолдомо алды.

Оюндар өтө турган Пхёнчхан шаары, Түштүк Кореянын борбору Сеулга 130, Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосунда аскерден тазаланган аймакка болсо 96 километр алыстыкта жайгашкан.



Тектеш кабарлар