Түндүк кореялык делегация Түштүк Кореяга барат

Түштүк Кореяда өткөрүлө турган кышкы Олимпиада оюндарына Түндүк Кореядан 22 спортчу катышат.

905436
Түндүк кореялык делегация Түштүк Кореяга барат

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо-Чонг, Пхёнчанда өтө турган кышкы Олимпиада оюндары үчүн түзүлө турган жогорку жеңдээлдеги делегацияда орун алат.

Йонхап маалымат агенттигинин кабарына караганда, Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги, Ким Чен Ындын карындашы жана Жумушчу партиясынын үгүт бөлүмүнүн биринчи төрага орун басары Ким Йо-Чонгдун, Түндүк Кореянын парламент төрагасы Ким Ён Нам жетектеген 22 кишилик жогорку деңгээлдеги делегациянын мүчөсү болоору маалымдалды.

Түштүк кореялык жооптуу кызматкерлер, Түндүк кореялык делегациянын жума күнүнөн тарта өлкөгө үч күндүк сапар жасай турганын билдиришти.

Түштүк Кореяда өткөрүлө турган кышкы Олимпиада оюндарына Түндүк Кореядан 22 спортчу катышат.

Ушул айда өтө турчу оюндарда орун ала турган Түндүк Кореянын делегациясында спортчулар менен катар 24 машыктыруучу, жетекчилер жана  21 журналисттин болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар