Түштүк Корея-Латвия беттешүүсү
Мелдешти түрк калыс Али Палабыйык башкарат.
902157
![Түштүк Корея-Латвия беттешүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4801/1a73/30de/5a741bbf1052d.jpg?time=1719117899)
ФИФАнын түрк калыстарынан Али Палабыйык, Түштүк Корея менен Латвиянын ортосунда ойноло турган даярдык мелдешин башкарат.
Түркиянын футбол федерациясынын билдирүүсүнө караганда, 3-февраль ишемби күнү Антальяда өтө турган беттешүүнү Палабыйык тейлейт.
Мардан стадионунда саат 17.30да баштала турган мелдеште Палабыйыктын жардамчылары Эсат Санжактар жана Ибрахим Чаглар Уйаржан болот.