Түркиялык жаш спортчулардан 13 медаль
Мадриддеги чемпионатта 80 спортчу жарышты.
899184
![Түркиялык жаш спортчулардан 13 медаль](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ad1b/163c/c88a/5a6ed9249be71.jpg?time=1719280557)
Түркия Мадриддеги жаштар арасында сууга секирүү боюнча чемпионатта 3 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медалга ээ болду.
Испаниянын борбор шаары Мадридде уюштурулган чемпионатта 7 өлкөдөн 80 спортчу жарышты.
Түркия эки күнгө созулган чемпионатка, Сууда сүзүү федерациясынын төрага милдетин аткаруучу Салих Башпармактын жетекчилигиндеги топ менен катышты.
А, Б жана С категорияларында ат салышкан түркиялык спортчулар, чемпионатты 13 медаль менен бүтүрүштү.
Жаш спортчулар, Мадриддеги турнирден кийин 1-4-февраль күндөрүнүн аралыгында Нидерландияда өтө турган чемпионатка катышышат.