Баскетболдо Анадолу Ефес - Олимпиакос беттешүүсү
Анадолу Ефес Европа лигасынын 14 - жумасында эртең Грециянын командасы Олимпиакос менен беттешет.
873190
Анадолу Ефес баскетбол командасы түрк аба жолдорунун Европа лигасынын 14 - жумасында эртең Грециянын командасы Олимпиакос менен беттешет.
Европа баскетболунун клубдар деңгээлиндеги эң престиждүү беттешүүсүн жакшы баштай албаган Анадолу Ефес бул сезондо ойногон 13 оюндун үчөөсүндө гана жеңүүчү боло алды. Анадолу Ефес группада Валенсиадан кийинки акыркы орунду алууда. Олимпиакос болсо 10 жеңиш менен лидер ЦСКА Москвадан кийин экинчи орунда турат. Стамбул Синан Эрдем спорт залында ойноло турган оюн саат 20:30да башталат.