Баскетболдо Фенербахче Догуш Сербиянын командасын жеңди
Фенербахче Догуш Баскетбол түрк аба жолдору Европа лигасынын 13 - жумасында Сербиянын командасы Кызылйылдыз МТСти 82 – 56 упай менен жеңип алды.
872191
Фенербахче Догуш Баскетбол түрк аба жолдору Европа лигасынын 13 - жумасында Сербиянын командасы Кызылйылдыз МТСти 82 – 56 упай менен жеңип алды. Бул жыйынтык менен сары - көк командасы 9 - жеңишке жетишти. Кызылйылдыз МТС болсо 8 - жолу жеңилди.
Фенербахче Догуш баскетбол командасы түрк аба жолдору Европа лигасынын 14 - жумасында эртең Тель Авив Маккаби Фокс менен беттешет.
Тель Авивде Менора Мивтахим аренада ойноло турган Маккаби Фокс - Фенербахче Догуш оюну Түркия убактысы боюнча саат 22:05те башталат.
Грецияда кечээ Панатиакос Суперфудска 89 – 76 упайга жеңилген Маккаби Фокс болсо 13 оюнда 7 жеңишке жетишип 6 жеңилүүгө учурады.