Түркиянын суу тобу боюнча курамасы чемпион болду

Түрк командасы Матозиньюш шаарында уюштурулган турнирде Португалия, Румыния жана Германия менен беттешти

870957
Түркиянын суу тобу боюнча курамасы чемпион болду

Түркиянын суу тобу боюнча А Улуттук кыздар командасы, Португалияда өткөрүлгөн Эл аралык суу поло турниринде чемпион болду.

Түркия суу тобу федерациясынын билдирүүсүнө караганда, түрк командасы Матозиньюш шаарында уюштурулган турнирде Португалия, Румыния жана Германия менен беттешти.

Европа Чемпионатынын тандоо оюндарынын алдында даярдык мүнөзүндөгү турнирде, улуттук команда биринчи мелдешинде Румынияны 14-12, экинчи мелдешинде болсо Португалияны 20-12 эсебинде жеңди.

Ал эми үчүнчү мелдешинде Германияны 15-13 эсебинде жеңген Түркия турнирде эч жеңилбестен чемпион болду.



Тектеш кабарлар