Дүйнө кубогу-2018
Кубок Сочиге алып барылды
853362
![Дүйнө кубогу-2018](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bdb3/3f00/58dc/5a0552f0f3c97.jpg?time=1719185574)
Орусиянын жетекчилигинде өткөрүлө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын символу болгон кубок, Орусия турунун биринчи аялдамасы Сочи шаарына алып барылды.
Салтанаттуу азем менен тосулуп алынган кубок, 26-ноябрга чейин шаардын борборунда көрсөтүлөт.
Дүйнө кубогу-2018, 14-июндан 15-июлга чейин Орусиянын 11 шаарында: Москва, Калининград, Санкт-Петербург, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростове-на-Дону, Сочи жана Екатеринбургда өткөрүлөт.
Ал эми турнирдин ачылыш жана жабылыш мелдештери Москвадагы «Лужники» стадионунда болот.