Чагла Бүйүкакчай чейрек финалда

Чагла Бүйүкакчай чейрек финалда дүйнөлүк тизмеде 160-орунда турган украиналык теннисчи Катерина Козлова менен беттешет.

769910
Чагла Бүйүкакчай чейрек финалда

Эл аралык Теннис федерациясы (ITF) тарабынан Венгрияда өткөрүлгөн турнирде улуттук спортчу Чагла Бүйүкакчай, жекеме жеке оюндарда чейрек финалга жогорулады.

Борбор шаар Будапештте уюштурулган 100 миң доллар сыйлыктуу топрак корт турниринде дүйнө тизмелөөсүнүн 176-баскычындагы Чагла Бүйүкакчай, эсептөөдө 158-баскычта турган словак спортчу Виктория Кузмова менен экинчи турда беттешти.

Улуттук теннисчи таймашуудан 7-6 жана 7-5тик эсептин соңунда 2-0 жеңиш менен чыгып, чейрек финалга атын жаздырды.

Чагла Бүйүкакчай чейрек финалда дүйнөлүк тизмеде 160-орунда турган украиналык теннисчи Катерина Козлова менен беттешет.



Тектеш кабарлар