Гаел Кличи Медипол Башакшехир үчүн Стамбулда

Өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдөн кийин Кличи трансферинин жыйынтыкталышы күтүлүүдө.

764305
Гаел Кличи Медипол Башакшехир үчүн Стамбулда

Медипол Башакшехир бир канча убакыттан бери тарнсфер күн тартибинде болгон 31 жаштагы француз Гаел Кличини Стамбулга алып келди.

Ататүрк аэропортуна келген футболчуну Башакшехир клубунун жетекчилери тосуп алды. Өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдөн кийин Кличи трансферинин жыйынтыкталышы күтүлүүдө.

Стамбул Башакшехир клубунун төрагасы Гөксел Гүмүшдаг берген маалыматында бир сол бек трансферин аткарууну каалашкандарын айтты. Техникалык директор Абдуллах Авжы да Кличини кадрында көрүүнү каалаган ысымдардын бирөөсү экендигин белгилеген болчу.

Медипол Башакшехир жаңы сезондон мурда ушул кезге чейин Елжеро Елиа, Аурелин Чеджо жана Тунай Торунду кадрына алган.



Тектеш кабарлар