УЕФА Бешикташтын нааразылчыгын сүйлөшөт

УЕФАдан  берилген маалыматта Бешикташ клубунун нааразычылыгынын Швейцариянын Нион шаарында боло турган сотто сөз болору белгиленди.

760797
УЕФА Бешикташтын нааразылчыгын сүйлөшөт

Европа Футбол Федерациялары Биримдиги УЕФА Бешикташ клубунун Европа лигасында Olympique Lyon менен ойнолгон бетеште чыккан окуялардан улам алган жазасына байланыштуу нааразычылыгын 13 -  июлда сүйлөшөт.

УЕФАдан  берилген маалыматта Бешикташ клубунун нааразычылыгынын Швейцариянын Нион шаарында боло турган сотто сөз болору белгиленди.

Европа лигасынын чейрек финалында Франциянын өкүлү Olympique Lyon менен Бешикташтын  беттеши эки команданын күйөрмандарынын ортосунда болгон окуялардан улам 45 минута кечигүү менен башталган.

Францияда болгон беттешүүдө чыккан окуялардан кийин УЕФА Бешикташ клубуна 100 миң евро акчалай жана бир эле кыймылдын кайталанышы менен 2 жыл кечеңдитилүү менен Европа кубокторунан бир жыл алыстатуу жазасын берген болчу.

 



Тектеш кабарлар