Түркия-Косово беттешүүсү
Түрк командасы бүгүн Косовонун өкүлү менен ойнойт
742822
Түркиянын волейбол боюнча А Улуттук кыздар командасы 2018-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын 2-этап Европа тандоолорунда бүгүн Косово менен беттешет.
Болгариянын борбор шаары Софияда 31-майдан 4-июнга чейин өтө турган тандоолордо Түркия 5 мелдешке чыгат.
Түркия биринчи оюнун бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 15.00те Косово менен ойнойт.
Тандоолордо түрк командасынын берки мелдештеринин программасы төмөнкүчө:
1-июнь бейшемби:
15:00 Швейцария-Түркия
2-июнь жума:
20:00 Түркия-Румыния
3-июнь ишемби:
17:30 Болгария-Түркия
4-июнь жекшемби:
15:00 Түркия-Черногория