Ислам тилектештиги оюндары аяктады

Түркия оюндарда экинчиликти алды

737428
Ислам тилектештиги оюндары аяктады

Азербайжанда 4-Ислам тилектештиги оюндары, Бакудагы Олимпиада стадионунда өткөрүлгөн көркөмдүү жабылыш аземи менен аяктады.

Салтанаттуу азем Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана президенттин биринчи орун басары, 4-Ислам тилектештиги оюндарынын уюштуруучу комитетинин төрайымы Михрибан Алиеванын катышуучуларга салам бериши менен башталды.

Азербайжандын улуттук гимнинин аткарылышы жана өлкөнүн желегинин желбиретилиши менен уланган аземде, катышуучу өлкөлөрдүн желектери спортчулардын коштоосунда аянтка чыгарылды.

Түркиянын желегин оюндарда теннис тармагында алтын медалга ээ болгон Алтуг Челикбилек көтөрүп чыкты. Андан соң оюндарда жарышкан бардык спортчулардын парады болду.

12-майда башталган оюндарда 54 өлкөдөн орто эсеп менен 3 миң спортчу алтын медаль үчүн күч сынашты.

Азербайжан 75 алтын, 50 күмүш жана 37 коло болуп жалпы 162 медаль менен биринчиликти алды.

Оюндарга 336 спортчу менен катышкан Түркия 71 алтын, 67 күмүш жана 57 коло болуп жалпы 195 медаль менен экинчи орунду ээледи.

Иран болсо 39 алтын, 26 күмүш жана 33 коло болуп жалпы 98 медаль менен үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар