Жеңил атлетика боюнча чемпионат өтөт

Түркияны 15 спортчу өкүлдүк кылат

682669
Жеңил атлетика боюнча чемпионат өтөт

Залда өтүүчү жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатынын отуз төртүнчүсү 3-5-март күндөрүнүн аралыгында Сербиянын борбор шаары Белградда өтөт.

Европанын атлетика федерациясы тарабынан эки жылда бир өткөрүлгөн чемпионатта мыкты атлеттер медаль үчүн жарышат.

Түркия чемпионатка биринчи жолу көп спортчу менен катышат.

Эркектер арасында 9, кыздар арасында 6 жалпы 15 спортчу беш тармакта улуттук форманы кийишет.

Түркия Чехиянын борбор шаары Прагада 2015-жылы өткөрүлгөн жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатынын отуз үчүнчүсүндө 6 эркек, 4 аял жалпы 10 атлет менен катышкан жана бир алтын, бир күмүш медалга ээ болгон болчу.

 



Тектеш кабарлар