Түркиянын спорт тармагында алган медаль саны 19,5 пайызга артты

53 федерация 2016 -  жылдын 1 -  январдан 31 -  декабрга чейин эл аралык иш чараларда жалпы 6 миң 279 медалды багындырды

672224
Түркиянын спорт тармагында алган медаль саны 19,5 пайызга артты

Жаштык жана спорт министрлигинин берген маалыматына караганда Түркиянын медаль саны 2016 – жылы мурунку бир жылга караганда 19, 5 пайызга артуу көрсөттү.

Түркияда иш алып барган 53 федерация 2016 -  жылдын 1 -  январдан 31 -  декабрга чейин эл аралык иш чараларда жалпы 6 миң 279 медалды багындырды. 2015 – жылы болсо 50 федерация 5 миң 256 медалды Түркияга алып келген.

Карате федерациясы 2016 -  жылы катышкан эл аралык турнирлерде жетишкен 798 медаль менен биринчи орунду алды. Каратечилер 2015 – жылы да 505 медаль менен биринчи орунду алган болчу.  Өткөн жылы Wushu федерациясы 579 медаль менен экинчи, Кик бокс федерациясы да 572 медаль менен үчүнчү орунду алды.

Бир тараптан бейсбол, софтбол жана Рагби федерациясы менен Керлинг федерация болсо мурунку жылы бирден медалга жетишкен. Түркия катышкан эл аралык турнирлерде алган алтын медаль саны да мурунку бир жылга караганда 15 пайызга артты.  2015 – жылды 1835 алтын медаль менен жапкан федерациялар кийинки мезгилде бул санды 280ге арттырып, 2 миң 115ке жетти.



Тектеш кабарлар