Арда Туранга Кытайдан сунуш келди

Испаниянын дүйнөгө белгилүү клубу Барселонада ойногон  улуттук футболчу Ара Туранга Кытайдан рекорддук суммада тансфер сунушу кылынды

664771
Арда Туранга Кытайдан сунуш келди

 

Улуттук футболчу үчүн эркин болуу беренеси боюнча акы төлөнө турган болсо Арда Туран «Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу» болот. Акыркы мезгилде жасаган астрономиялык трансферлер менен көңүлдөрдү бурган бир Кытай лигасынын клубу Барселонада ойногон Арда Туранга 4 жылдык келишим үчүн 100 миллион евро сунуш кылды.

Улуттук футболчунун менеджери Кытайга барып Арда үчүн берилген сунушту кенен түрдө сүйлөшөт. Арда Туран трансфер болгон Барселона менен түзгөн 5 жылдык келишимде «125 миллион еврого эркин болот» деген берененин бар экендиги белгиленди.

Ардага 125 миллион евро   төлөнө турган болсо дүйнөнүн эң кымбат тарнсфери болот. Трансферде эң жогорку   төлөм 105 миллион евро менен Manchester United тарабынан Паул Погба үчүн төлөнгөн.

 



Тектеш кабарлар