Эрзурумда спорттук иш-чара өтөт
Фестивалда Түркияны 69 спортчу өкүлдүк кылат.
659078
Эрзурум шаарында 11-18-февраль күндөрүнүн аралыгында европалык жаштардын арасында өтө турган Кышкы олимпиада фестивалында Түркияны 69 спортчу өкүлдүк кылат.
Иш-чаранын башкы координаторлугунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Европадагы эң маанилүү кышкы спорттук борборлордун бири болгон Эрзурумдун Европанын эң мыкты жаш спортчуларын тосуп алаары белгиленди.
Түркияны 14-18 жаш курактарындагы жаш спортчулар өкүлдүк кыла турганы жана олимпиада оюндарына алгачкы кадам болгон бул иш-чарада спортчулар тоо лыжасы, сноуборд, лыжа менен секирүү, биатлон, керлинг, конки тебүү, көркөм муз тебүү жана хоккей тармактарында күч сынашат.