ФИФА футболдогу жылдын мыктыларын тандады

ФИФА тарабынан 2016-жылдын эң мыктылары маалыматтандырылган гала аземи Швейцариянын Цюрих шаарында өткөрүлдү.

647981
ФИФА футболдогу жылдын мыктыларын тандады

ФИФАнын жылдын эң мыкты эркек футболчу сыйлыгын Реал Мадриддин португалиялык жылдызы Криштиану Роналду жеңип алды.

ФИФА тарабынан 2016-жылдын эң мыктылары маалыматтандырылган гала аземи Швейцариянын Цюрих шаарында өткөрүлдү.

Сыйлык тапшыруу аземинин алып баруучулугун америкалык актриса Ева Лонгория жана Марко Шрейль милдеттенди.

Улуттук командалардын машыктыруучулары жана капитандары, басма сөз мүчөлөрүнүн арасынан тандалган бир топ жана элдин катышуусундагы добуш берүүнүн жыйынтыгында испан клубу Реал Мадриддин жылдызы Криштиану Роналду жылдын эң мыкты эркек футболчусу сыйлыгынын ээси болду.

Роналду ошондой эле испан клубдарынан Барселонанын аргентиналык жылдызы Лионел Месси жана Атлетико Мадриддин француз футболчусу Антуан Гризманнды артка калтырды.

ФИФА менен Эл аралык профессионалдуу футболчулар биримдиги тарабынан белгиленген жылдын 11не бул футболисттер тандалды:

Дарбазачы: Мануэль Нойер (Байерн Мюнхен)

Коргоочу: Жерар Пике (Барселона), Дани Алвес (Ювентус), Серхио Рамос, Марсело (Реал)

Жарым коргоочу: Андрес Иньеста (Барселона), Лука Модрич, Тони Кроос (Реал)

Чабуулчу: Лионель Месси, Луис Суарес (Барселона), Криштиану Роналду (Реал)

Өткөн сезондо Англиянын премьер лигасында Лестер Ситини чемпиондукка жеткирген италиялык Клаудио Раньери, франциялык Зинедин Зидан (Реал) жана португалиялык Фернандо Сантуш (Португалия курама командасы) эркек футболунда жылдын машыктыруучусу болуп тандалды.

Жылдын эң мыкты голуна берилген Пускас сыйлыгын Пенанг командасынан малазиялфык Мозд Фаиз Субри жеңип алды.

ФИФАнын Фейр-плей сыйлыгы Судамерикана кубогун учак кырсыгында футболчулары жана машыктыруучу тобунан ажыраган Шапеконсеге арнаган Атлетико Насьональ командасына ыйгарылды. ФИФА күйөрмандар сыйлыгы бардыгы чогуу сүрөгөн Ливерпуль жана Боруссия Дортмундга берилди. ФИФАнын күтүлбөгөн карьера сыйлыгы болсо бразилиялык футзал оюнчусу Фалькаого тапшырылды.



Тектеш кабарлар