105 жаштагы рекордсмен
Француз велосипедчи жаңы рекорд жаратты
644789
105 жаштагы француз велосипедчи Роберт Маршан Парижге жакын жердеги Сан-Кентин-ан-Ивелиндеги велодромдо 1 саатта 22,5 чакырымды багынтып, жаңы рекордго жетишти. Буга чейин бул жашта эч ким мындай ийгиликти багынткан эмес.
Роберт Маршан үч жыл мурда да 100 жашында 26,927 чакырымдык даражасы менен рекорд жараткан болчу.