Ишкерлерден Арда Туранга сыйлык тапшырылды

Барселонада ойногон Арда Туранга "Жеке ийгилик" сыйлыгы берилди

631633
Ишкерлерден Арда Туранга сыйлык тапшырылды

 

Испаниянын борбор шаары Мадриддеги Вилла Магна мейманканасында өткөрүлгөн сыйлык берүү аземи  Стамбулда болгон террордук кол салууларда каза болгондордун элесине 1 минуталык эскерүү менен башталды. Түркиянын Мадрид элчиси Өмер Өнхон, Испаниянын энергетика жана туризм министри Алваро Надал менен эки жүзгө жакын киши катышкан аземде Арда Туран менен бирге 2016 -  жылы Түркия – Испания карым – катнаштарына кошкон салымынан улам Түркиядан Чыгыш группасы, Испаниянында да FICOSA фирмаларына сыйлык тапшырылды.

Арда Туран сыйлык алгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө : «Кээ бир жаман нерселерди жашап жатабыз, өлкөбүз кыйынчылык тартып жатат. Ошентсе да испаниялыктар менен Испания футбол федерациясына рахмат айтамын. Өлкөмө жана өзүмө Алладан сабыр тилеймин. Каза болгондордун үй – бүлөлөрүнө көңүл айтамын»,- деди.



Тектеш кабарлар