Баскетбол боюнча мелдештер кызуу өттү

Анадолу Эфес Уникс Казань менен беттешти

611556
Баскетбол боюнча мелдештер кызуу өттү

Түрк аба жолдору Европа лигасында жетинчи жумадагы мелдештер башталды.

Ачылыш беттешинде Түркиянын Анадолу Эфес командасы Орусиянын өкүлү Уникс Казанды тосуп алды. Кызуу өткөн таймашта түрк командасы атаандашын 104-99 упай эсебинде жеңип алды.

Түрк аба жолдору Европа лигасында Израилдин өкүлү Маккаби Fox Тель-Авивге конок болгон Түркиянын Фенербахче командасы болсо атаандашына 10 упай айырма менен 87-77 эсебинде жеңилип калды.



Тектеш кабарлар