Баскетбол боюнча мелдештер уланып жатат

Дарушафака Догуш Уникс Казанды жеңсе, Анадолу Эфес күчтүү атаандашына жеңилди

597289
Баскетбол боюнча мелдештер уланып жатат

Түркиянын Дарушафака Догуш командасы, Түрк аба жолдорунун баскетбол боюнча Европа лигасынын үчүнчү мелдешинде экинчи жеңишине ээ болду. Түрк командасы Орусияда Уникс Казань менен беттешип 94-87 упай эсебинде жеңип алды.

Анадолу Эфес болсо эң престиждүү мелдештин акыркы чемпиону Орусиянын ЦСКА Москва командасын тосуп алды. Күчтүү атаандашына 93-87 упай эсебинде жеңилген Анадолу Эфес, үчүнчү мелдешинде да жеңилүү менен кайтты.

Европа лигасында бүгүн эки түрк командасы ойнойт.

Фенербахче Литванын Жальгирис Каунас командасын тосуп алат. Саат 20.45те баштала турган мелдеш ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Галатасарай да Израилдин Маккаби командасы менен беттешет. Израилдеги таймаш саат 21.45те башталат.  



Тектеш кабарлар