Османлыспор-Зимбру теңме тең ойноду
Футболдук мелдештин реванш оюну Анкарада ойнолот.
529886
«Османлыспор» клубу УЕФА чемпиондор лигасынын экинчи тандоо турунун биринчи мелдешинде Молдованын Зимбру командасы менен атаандаштын талаасында 2-2 эсебинде теңме-тең ойноду.
Молдованын борбору Кишиневде ойнолгон оюнда Османлыспордун голдорун Нуман Чүрүксу жана Энгин Бекдемир киргизсе, Зимбрунун голдорун Дамашкан менен Загаевский киргизди.
Османлыспор атаандаштын талаасында теңме-тең ойноп тур үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ болду.
Мелдештин реванш оюну 21-июль бейшемби күнү саат 21:00де Анкарада ойнолот.