Баскетбол боюнча мелдештер бүгүн башталат

Төрттүк финалда Түркияны өкүлдүк кыла турган Фенербахче менен катар Орусиядан ЦСКА Москва менен Локомотив Кубан, Испаниядан болсо Лабораль Кутча командалары чемпиондук үчүн мелдешет.

490073
Баскетбол боюнча мелдештер бүгүн башталат

Баскетбол боюнча клубдар арасында Түрк аба жолдору Европа Лигасынын төрттүк финал мелдештери 13-май жума күнү Германиянын борбору Берлинде башталат.

Төрттүк финалда Түркияны өкүлдүк кыла турган Фенербахче менен катар Орусиядан ЦСКА Москва менен Локомотив Кубан, Испаниядан болсо Лабораль Кутча командалары чемпиондук үчүн мелдешет.

Мерседес-Бенц Аренадагы турнирде биринчи таймаштар 13-май жума күнү болот. Биринчи күнүндө жеңишке жетишкен командалар 15-май жекшемби күнү финалда беттешет. Жеңилгендер болсо ушул эле күнү үчүнчүлүк мелдешинде ойношот.

Төрттүк финалдын программасы төмөнкүчө:

13-май жума:

19.00 ЦСКА Москва-Локомотив Кубан

15-май жекшемби:

18.00 үчүнчүлүк мелдеши

21.00 финал



Тектеш кабарлар