Күрөш боюнча тандоо мелдештери

Рио-2016 Олимпиадасы үчүн тандоо турнири эртең Стамбулда башталат.

484701
Күрөш боюнча тандоо мелдештери

Күрөш боюнча олимпиадалык оюндарга квота берүүчү 2016 Рио Олимпиадасынын 2-Дүйнөлүк тандоо турнири эртең Стамбулда башталат.

Багжылар спорт комплексинде 3 күнгө созула турган турнирге 85 өлкөдөн орто эсеп менен 600 спортчу катышат. Ал эми Түркия эркектер арасында эркин стилде 1, грек-рим стилинде 5, кыздар арасында болсо 2 спортчу менен квота алуу үчүн аракет кылат.

Турнирдин биринчи күнүндө грек-рим, экинчи күнүндө кыздар арасында эркин стиль, акыркы күнүндө болсо эркектер арасында күрөштүн эркин стили боюнча мелдештер өтөт. Мелдештерде финалга чыккан спортчулар Олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алышат.

Түркиянын күрөш боюнча улуттук курама командасы Рио-2016 Олимпиадасына толук катышуу үчүн грек-римде 5, эркектер арасында эркин стилде 1 жана кыздар арасында эркин стилде 2 квота алуусу керек.



Тектеш кабарлар