УЕФА чемпиондор лигасында жарым финал мелдештери
Манчестер Сити менен Реал Мадриддин таймашы ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
477613
УЕФА чемпиондор лигасында ушул жуманын ичинде жарым финал мелдештери өткөрүлөт. Бул мелдештер да ТРТ каналдарынан көрүүчүлөргө жеткирилет. Манчестер Сити менен Реал Мадриддин таймашы 26-апрель шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 21.45те ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
«Этихад» стадионундагы мелдешти ФИФАнын калыстарынан Жүнейт Чакыр тейлесе, жардамчылары Жем Сатман менен Тарык Онгун болот.