Final four 2016 билеттери сатыла баштады
Мелдештин билеттери өз-өзүнчө сатылат
461988
Фенербахченин жетекчилигинде өтө турган баскетбол боюнча ФИБА аялдар Европа Лигасынын төрттүк финал мелдешинин билеттери бүгүн сатыла баштады.
«Фенербахче» клубунун билдирүүсүнө караганда, мелдештин билеттери өз-өзүнчө сатылат жана ар бир мелдештин билети ошол күнү ойноло турган эки оюнду тең камтыйт. Төрттүк финал оюндарында жарым финалдар 15-апрель жума күнү, үчүнчүлүк жана финал мелдештери болсо 17-апрель жекшемби күнү ойнолот.
Фенербахче менен катар Орусиядан Надежда Оренбург жана УГМК Екатеринбург менен Чех Республикасынан УСК Прага беттеше турган төрттүк финал оюндары Үлкер спорт аренада ойнолот.