Допинг колдонгон 6 орус спортчу медалдарынан ажырады

Орусиялык спортчулардын допинг мыйзамын бузгандыгы аныкталды

457696
Допинг колдонгон 6 орус спортчу медалдарынан ажырады

Эл аралык спорттук арбитраж соту, мындан мурда допинг колдонгондугу аныкталган алты орусиялык спортчунун сыйлыктарынан ажыратып, жетишкендиктерин жокко чыгарды.

Маалымдалгандай жеңил атлеттер Сергей Бакулин жана жөө күлүк Юлия Зарипова 2011-жылкы дүйнө чемпионатынан алган алтын медалынан, Сергей Кирдяпкин жана Ольга Канисикина 2012-жылкы Лондондогу Олимпиададан алган алтын жана күмүш медалынан ажырашты. Ошондой эле Владимир Канайкин жана Валерия Борчиндин да жеңиштери жокко чыгарылды.



Тектеш кабарлар