Фенербахче Орусияга кетти

Фенербахче Локомотив Москва менен беттешүү үчүн бүгүн эрте менен Орусияга кетти

438526
Фенербахче Орусияга кетти

Фенербахче УЕФА Европа Лигасынын акыркы 32 турунун реваншында 25 - февраль бейшемби күнү атаандаштын талаасында Локомотив Москва менен беттешүү үчүн бүгүн эрте менен Орусияга кетти. Фенербахче командасынан жаракатынан улам Лазар Маркович, Раул Мирелес менен Абдолайе Ба менен кызыл карт жаза алган Диего Рибас кадрга кирген жок.

Локомотив Москва үчүн белгиленген 20 кишилик кадрда бул ысымдар орун алды : Волкан Демирел, Фабиано Рибиеро, Эртугрул Ташкыран, Бруну Алвеш, Симон Кьер, Мичел Кадлец, Жанер Эркин, Хасан Али Калдырым, Гөкан Гөнүл, Шенер Өзбайраклы, Мехмет Топал, Жосеф де Суза, Озан Туфан, Уйгар Мерт Зейбек, Рамазан Живелек, Волкан Шен, Алпер Потук, Луис Мани, Жосе Фернандо жана Робин ван Персие.

Фенербахченин тренери Витор Переира бүгүн кечинде матч ойноло турган Локомотив стадионунда пресс жыйын өткөрөт.



Тектеш кабарлар