Кыргыз балбандары алтын медалга ээ болушту

Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев - грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиондору

435505
Кыргыз балбандары алтын медалга ээ болушту

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев Азиянын чемпиону деген наамды жеңип алышты. Бул туурасында Бириккен дүйнөнүн күрөш боюнча сайтында маалымдалат

Азиянын чемпионаты Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жатат.

Каныбек Жолчубеков 59 кг салмакта мөөрөй талашкан эле. Финалда жердешибиз Иран балбаны Саман Морад Абдулини 9:4 эсебинде жеңип, алтын медалга татыктуу болду.

Жанарбек Кенжеев 85 кг салмакта атаандаштарынын үмүттөрүн өчүрүп, финалда Өзбекстан балбаны Музаммадали Шамсиддиновду 3:2 эсебинде утуп, Азия континентинин чемпиондук алтын медаль тагынды.

Жеңишиңер кут болсун, кыргыз балбандары! Олимпиада- 2016га жолуңар ачык болсун!

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар