Алдыңкы командалар

Түркия дүйнөлүк тизмелөөдө 8-орунда турат.

353145
Алдыңкы командалар

Эл аралык Баскетбол Федерациясы ФИБА, эркектер арасында баскетбол боюнча эң мыкты командалардын тизмесин жарыялады. Биринчи орунду АКШ ээлесе, Түркия 8-орунун сактады. Тизмеде Испания 2-орунда турса, Литва бир баскыч жогорулап 3-орунду ээледи. Алдыңкы 50 команданын арасында чоң ийгиликке жетишкен, 15 орун жогорулап 45-орунду ээлеген Куба болду.
Кыз-келиндер арасында болсо төрт команда өзгөргөн жок (АКШ, Австралия, Испания жана Франция). Түркия бир баскыч жогорулап Беларусь менен 10-орунду ээледи.
ФИБАнын эркектер арасында баскетбол боюнча тизмесинде алдыңкы 20 орун; 1-АКШ, 2 - Испания 3 - Литва, 4 - Аргентина 5- Франция, 6 - Сербия, 7 - Орусия, 8 - Түркия, 9 - Бразилия, 10 - Греция, 11- Австралия, 12 - Хорватия, 13- Словения, 14 - Кытай, 15 - Ангола, 16 - Пуэрто-Рико, 17 - Иран, 18 - Доминик Республикасы, 19 - Мексика 20 - Германия.
ФИБАнын кыз-келиндер арасында баскетбол боюнча тизмесинде алдыңкы 20 орун; 1- АКШ, 2- Австралия, 3- Испания, 4- Франция, 5- Чех Республикасы, 6- Орусия, 7- Бразилия, 8-Кытай, 9- Канада, 10- Беларусь / Түркия, 12 - Корея, 13-Куба, 14- Сербия, 15- Аргентина, 16- Япония, 17- Латвия, 18- Ангола, 19-Мали, 20-Хорватия.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар