Түркиянын атаандашы Венгрия
Түрк курама командасы финалда Венгрия менен беттешет.
343155
Европанын волейбол конфедерациясы уюштурган Европа Лигасында финалга чыккан Түркиянын атаандашы Венгрия болду.
Жарым финалдын биринчи мелдешинде атаандаштын талаасында Грецияны 3-2 эсебинде жеңип алган Венгрия, реванш оюнунда да 3-1 эсебенде утуп алып финалга чыкты.
Айымдар арасында Европа лигасынын жарым финал мелдештеринде Израилди 3-0 эсебинде утуп алган Түркиянын волейбол боюнча А улуттук курама командасы финалга чыккан болчу.
Түрк курама командасы менен Венгриянын ортосундагы финалдын биринчи мелдеши 10-сентябрь бейшемби күнү Венгрияда, реванш оюндары болсо 13-сентябрь жекшемби күнү Измирдеги «Ататүрк» волейбол залында өткөрүлөт.