Самсунда дзюдо боюнча чемпиондук өттү

Кыргызстандан Юрий Краковецкий коло медалга ээ болду.

287968
Самсунда дзюдо боюнча чемпиондук өттү

Самсунда быйыл үчүнчүсү өткөрүлүп жаткан Гран-при бүгүн 5 салмактагы оюндар менен аяктады.
Нидерландия 2 алтын, 1күмүш жана 1 коло медал алып алдыңкы орунду ээлесе, Түркия чемпиондукту Хасан Ванлыоглунун күмүш жана Дилара Локманхекимоглунун коло медалы менен жапты.
Турнирдин акыркы күнүндөгү мелдештерде даражага ээ болгон спортчулардын медалдарын Түркиянын Дзюдо федерациясынын баш катчысы Рахман Эмексиз, Түркиянын Дзюдо федерациясынын башчы орун басары Метин Өзкан, Гран-при башкы координатору Мехмет Йылмаз жана Түркиянын Дзюдо федерациясынын мурдагы төрагасы Натык Жанжа тапшырды.
Анда 100 кг салмакта Кыргызстандан Юрий Краковецкий коло медалга ээ болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар