Галатасарай 4 – 1 эсебинде утулду
Арсеналдын 3 бал чогултту
147344
Галатасарай Арсенал менен ойногон чоңдор лигасынын матчында жеңилүүгө учурады. УЕФА чемпиондор лигасынын Д группасындагы экинчи матчында атаандаштын талаасында Англис командасы Арсенал менен беттешкен Галатасарай матчтан 4 – 1 эсебинде жеңилүү менен чыкты. Группадагы биринчи матчта Стамбулда Бельгиянын командасы Андерлехт менен 1 – 1ге барабар болуп Галатасарай Арсеналга жеңилди.
Лондон Эмиратес стадионунда болгон беттешүүнүн өзгөчө биринчи жарымында атаандашына туруштук бере албастан жеңилди. Бул жеңилүү менен Галатасарай 1 балл менен калып биринчи матчында Боруссия Дортмундга 2 – 0гө жеңилген Арсенал болсо 3 баллга чыкты.