Анкарада волейбол боюнча мелдештер өтүп жатат

Түркиянын волейбол боюнча А Улуттук курама командасы бүгүн кечинде Доминик Республикасы менен беттешет.

83412
Анкарада волейбол боюнча мелдештер өтүп жатат


FIVB Дүйнөлүк Grand Prixтин тандоо оюндарында Түркиянын айымдардан турган курама командасы биринчи группанын Е тобундагы алгачкы беттешинде Доминик Республикасы менен ойнойт.
Мелдеш саат 19:00да башталат.
Анкара Башкент Волейбол залында өтүп жаткан 2014 FIVB Дүйнөлүк Grand Prixтин А тобундагы беттеште Түркия Орусияны 3-2 эсебинде утуп алып үчүнчү жеңишине жетишти. Биринчи турдагы оюндардан кийин Түркия 3 жеңиш, 7 упай менен биринчиликти алды. Орусия 7 упай менен экинчи орунду ээлесе, АКШ 2 упай менен үчүнчү, Япония болсо 1 упай менен төртүнчү болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар